Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 4.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Мыйзамы; 8.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамы; 9.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама». 11.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар: 1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча 2).Иш стажы жана тажрыйбасы: -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат ордуна төмөнкү ченемдик-укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; 4.Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актылары жөнүндө» Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча» типтүү нускама. 7.Кыргыз Республикасынын «Электрондук башкаруу жөнүндө» Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн: -кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү; -компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы). Талапкерлер төмөнкү документтерди алып келүүсү зарыл: -өздүк арыз; -резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) -кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы; -сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ; -билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); -эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); -жарандык паспорт (көчүрмөсү); -өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен); Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат. Дареги: Баткен областы, Кадамжай району, Учкун айылы, Кыргызстан 60 жылдык көчөсү- 46. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт