1. Башкы кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3). ЧУАнын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  4.  Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
  5. «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  6. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  7. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  8. «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  9. «Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  10. «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  1. Улук кызмат орунуна коюлуучу квалификациялык талаптар:

1).Кесиптик билимдин деңгээли: –жогорку билим , мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, финансы-экономикалык багыттагы, айыл чарба, ветеринардык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, энергетика багыттары боюнча

2).Иш стажы жана тажрыйбасы:  -жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) ЧУАнын тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2.  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  3.  «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  4.  «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  5.  «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  6.  «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ;
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  III. Административдик кызматтардын бардык топтору үчүн:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

-компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктыларды билүү ( Word. Excel, санарип, СЭД, маалыматтык укуктук системасы).

Талапкерлер төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл:

-өздүк арыз;

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен)

-кадрларды каттоо үчүн өздүк баракчасы;

-сүрөт 3х4 өлчөмүндө (2 даана) ;

-билими тууралуу диплом (көчүрмөсү, наториалдык жактан тастыкталган); 

-эмгек китепчеси ( нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

-жарандык  паспорт (көчүрмөсү);

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен);

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү сынак өткөрүү жөнүндө жарыя чыккан күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде кабыл алынат.

Дареги:Баткен областы, Кадамжай району, Кара-Дөбө айылы, А.Ишматов көчөсү -12.

сурап билүү үчүн телефон номер: 0771 82 09 72