Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясы башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР; Башкы кызмат орундары үчүн; 1) Г-Б Башкы кызмат оруну-1штат бирдик; — Жогорку билим; -Иш стажы жана тажырыйбасы; -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Улук кызмат орундары үчүн; 1) С-А Бөлүм башчы-1 штат бирдик; 2) С-А Сектор башчы-1 штат бирдик; 2) С-Б Башкы адис-4 штат бирдик; Тиешелүү багыттагы жогорку билим; -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кенже кызмат орундары үчүн; Жетектоочу адис-4 штат бирдик; адис -2 штат бирдик; Тиешелүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим; Иш стажына талап коюлбайт; – КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ 1) Башкы кызмат орундар үчүн мыйзамдар: -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Мамлекетттик тили жонундо” — “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелериндеги маалыматтардын жеткиликтүүсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы; Тиешелүү тармактагы мыйзамдар. 2) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар; Кыргыз Республикасынын конституциясы; -Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы; -Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” -Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы; -Тиешелүү тармактар боюнча мыйзамдар; 3) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; -Тиешелүү тармактагы мыйзамдар; төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди; — билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө: көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: -Өзүнүн арызы; -Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен); -Райондук ички иштер бөлүмүнөн, соттолгон эмес деген маалым кат(требование) — Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү -Паспорттун көчүрмөсү; -Аскердик билетинин кочүрмөсү; -Эмгек китепчесинин нотариустан тастыкталган көчүрмөсү; -Сүрөт көчүрмөсү 3х4; -Жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу тактама; Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер топтому, Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында кабыл алынат. Тел: 0770 518628 Жазуулар боюнча багыттоо КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу – 2 административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине ички резерв кадрына конкурс жарыялайт