Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы (ММД) Муниципалдык менчик департаментине улук, башкы жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР; 1.Улук кызмат орундары үчүн; 1) Башкы адис-2 штат бирдик; Тиешелүү багыттагы жогорку билим; -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 2.) Кенже кызмат орундары үчүн; Жетектөөчү адис-3 штат бирдик ; Тиешелүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим; Иш стажына талап коюлбайт; -КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ 1) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар; 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.«Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому; 7.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 2) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди; -билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө: көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: -Өзүнүн арызы; -Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен); -Өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендигин көрсөтүү менен) -Нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтин (диплом көчүрмөсү); -Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү; -Паспорттун көчүрмөсү; -Эркек жарандар үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү(аскердик билети жоктор аскердик каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же аскердик комиссариаттан тактама); Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер Кадамжай шаары, А.Орозбеков №200 Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында жана төмөнкү электрондук дарек боюнча кабыл алынат:DMS.mmd2014.@mail.ru Тел:0773679923 Жазуулар боюнча багыттоо Кадамжай шаардык мэриясы кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт.