Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясы башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР; Башкы кызмат орундары үчүн; 1) Г-Б Башкы кызмат оруну-1штат бирдик; — Жогорку билим; -Иш стажы жана тажырыйбасы; -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 3 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. Улук кызмат орундары үчүн; 1) С-А Бөлүм башчы-1 штат бирдик; 2) С-А Сектор башчы-1 штат бирдик; 2) С-Б Башкы адис-4 штат бирдик; Тиешелүү багыттагы жогорку билим; -Мамлекеттик жана же муниципиалдык кызматтагы жыйынды иш стажы 1 жылдан кем эмес жана же тиешелүү кесиптитк чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Кенже кызмат орундары үчүн; Жетектоочу адис-4 штат бирдик; адис -2 штат бирдик; Тиешелүү багыттагы жогорку билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим; Иш стажына талап коюлбайт; – КЕСИПТИК КОМПОНЕНТТҮҮЛҮГҮ 1) Башкы кызмат орундар үчүн мыйзамдар: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; 4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7.«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 8.«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 9.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 11.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. предметтик мыйзамдар: 2) Улук кызмат орундары үчүн мыйзамдар; 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6.«Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому; 7.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 3) Кенже кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар; -Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; — билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө: көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн документтер: -Өзүнүн арызы; -Резюме (Электрондук почтасын, байланыш номерин көрсөтүү менен); -Райондук ички иштер бөлүмүнөн, соттолгон эмес деген маалым кат(требование) — Нотариустан тастыкталган дипломдун көчүрмөсү -Паспорттун көчүрмөсү; -Аскердик билетинин кочүрмөсү; -Эмгек китепчесинин нотариустан тастыкталган көчүрмөсү; -Сүрөт көчүрмөсү 3х4; -Жашаган жеринен жана үй-бүлөсү тууралуу тактама; Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер топтому, Кадамжай шаардык мэриясынын имаратында кабыл алынат. Тел: 0770 518628 Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Агартуу жана илим министрлиги Кадамжай шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти кадрлар резервин түзүү боюнча ачык конкурс жарыялайт