Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз (конкурстук комиссиянын атына); – резюме (электрондук дарегин кошо көрсөтүү); – өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги тууралуу маалыматты көрсөтүү); – негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо); – ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат; – паспорт көчүрмөсү (сынакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт). Документтер 2023-жылдын 5-декабрынан 15-декабрына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Каракол шаары, Карасаев көчөсү, №235 (Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн имараты) Сурап билүү телефону: 0772136592 ____________________ Кенже топтогу административдик кызмат ордуна кирүү үчүн талаптар: Кызмат орундарынын кенже топтору үчүн төмөнкүлөр болуш керек: – Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: Кыргыз Республикасынын Конституциясын; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу Мамлекеттик билим берүү стандарты (Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы №363 токтомуна ылайык) Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому; Жалпы билим берүү уюму жѳнүндѳ типтүү Жобо. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аймактык органдарынын улук жана кенже топторунун административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык тандоо сынагын жарыялайт. Центральная комиссия по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики