Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар

(У-А)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

  • тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы); 2) иш стажы жана тажрыйбасы:
  • жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  1. Кесиптик компетенциялары:
  • төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;

Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;

Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жонундо Кодекси”;

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө»,

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”

Мыйзамдарын билүүсү зарыл. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

  • билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

  • көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

“Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында (админстративдик аймактык реформанын алкагында) жана компьютердик уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” менен иштөөсү

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кара-Кулжа айылы М. Алиев көчөсү №76 Кара-Кулжа айыл өкмөтү байланыш номери +996 773 13-83-83 0778 52-86-86

Конкурскка документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-30 дан 17-00 гө чейин кабыл алынат.