Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы кызмат оорунда коюлуучу квалификациялык талаптар
(У-А)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим (Финансылык, экономика жана башкаруу, маалымат коопсуздугу, тейлоо сферасы);
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- Кесиптик компетенциялары:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Негизги мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
-2007-жылдын 4-майындагы № 67 «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы
-2012-жылдын 8-августу № 153 “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” ;
-2009-жылдын 20-июлу № 241 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
-2021-жылдын 27-октябры № 125 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
-2020-жылдын 3-марты № 120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө”;
Тийешелүү тармактагы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”;
—Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
- билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
“Инфодокс” электрондук документ жүгүртүү системасында (админстративдик аймактык реформанын алкагында) жана компьютердик уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” менен иштөөсү
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду
Кара-Кулжа айылы М. Алиев көчөсү №76 Кара-Кулжа айыл өкмөтү байланыш номери +996 773 13-83-83 0778 52-86-86
Конкурскка документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан баштап 10 календардык күндүн ичинде саат 9-00 дөн 17-00 гө чейин кабыл алынат.