Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясы башкы, улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт. Башкы топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Аппарат жетекчиси: 1) Кесиптик билимдин деңгээли: Жогорку билим: – Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш ж.б. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы; 3.Кыргыз Республикасынын “Эмгек Кодекси”; 4.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 5.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; 6.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 7.Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамы; 8.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамы; 9.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы; 2.Кыргыз Республикасынын “Министрлер Кабинети жөнүндө” Конституциялык Мыйзамы 3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамы – Билгичтиги: -иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; -аппарат кызматкерлерине бөлүнгөн иштин көйгөйлөрүн талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; -алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; Жазуулар боюнча багыттоо Ошское городское управление статистики Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтү