КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, кадрлар резервине киргизүү үчүн улук жана кенже топтогу административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт

 

Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талаптар:

 

Кесиптик билимдин денгээли:
– Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

 

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

 

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

  1. “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;
  2. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
  3. “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;.
  4. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

 

Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

 

Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар:

Кесиптик билимдин денгээли:
– Гуманитардык, педагогикалык, физика-математикалык жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:
– Иш стажына талаптар коюлбайт.

Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын.

 

Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:
1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы;

  1. “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы;
  2. “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы;
  3. “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;.
  4. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому.

 

Билгичтиги:
-маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

 

Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

 

Документтер 2024-жылдын  11-марттан  тартып 2024-жылдын 11-апрель  саат 18-00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

 

Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл:

– жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына)
– сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт);
– өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт);
– негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт;
– илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо);

– ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
– паспорт көчүрмөсү (сынакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт).

Документтерди кабыл алуу убактысы  жана орду:

Кара-Суу   райондук билим берүү  бөлүмү.

Кара-Суу  району, Кара –Суу шаары  , Ж.Аматов көчөсү №2.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын  11-марттан  тартып  2024-жылдын  11-апрелине   чейин.   Байланыш телефону:    0551 006587 . Кабинет № 4.