Ноокат райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы
административдик  улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадралар резервине киргизүү үчүн
ачык конкурс жарыялайт.

1. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат :
— Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар
же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана
кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин
көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);
— Илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө
документтердин көчүрмөлөрү;
— Паспорттун көчүрмөсү;

2. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык
талаптарга шайкеш келиши керек :
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн :
Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим :Гуманитардык илимдер:.Экономика
жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый –
илимий билим берүү ; Техникалык илимдер.
— Иш стажына талаптар коюлбайт;
2.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн :
Кесиптик билим деңгээли : Жогорку билим; Гуманитардык илимдер:.Экономика
жана башкаруу ; Социалдык илимдер ; Педагогикалык билим берүү ; Табигый –илимий
билим берүү ; Техникалык илимдер.
— Иш стажы жана тажрыйбасы : -жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик
кызматта же кесиби боюнча үч жылдан кем эмес эмгек стажы ;

3. Административдик кызмат орундарынын бардык топтору үчүн :
— Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана
расмий тилдерди билүү ;
— Компьютердик сабаттулук жана керектүү прогораммалык продуктыларды билүү ;

4. Жөндөмдүүлүгү :
— Социалдык маселелерди талдоо жана чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун колдоо
үчүн маалымат өндүрүү ;
— электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү ;
— издөө системаларын колдонуу;
— ар кандай браузерлер менен иштөө ;
-презентацияларды уюштуруу ;
— маалыматтарды таблицалар,диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү ;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык
системаларын пайдаланууга;
— кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара
аракеттенүү;
Көчүрмө аппараттар, принтер,сканер,проектор же интерактивдүү такта,факс.
Негизги тестирлөө үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө
билүү :
1. Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама .
— Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл
ll.Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн;
— Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамы “Коррупцияга каршы аракеттенүү
жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120
токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү
боюнча типтүү нускама.
— Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө” Мыйзамы;
— Тийиштүү кызмат орду боюнча мыйзамдарды билүүсү зарыл
Документтер жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде
төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Ноокат шаары
Ленин көчөсү -12
Ноокат райондук эмгек , социалдык камсыздоо жана миграция
башкармалыгы
Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору 0(3230)5-01-87-,0553-12-06-05