Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн  улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2024-жылдын 19-сентябрынан   тартып  2024-жылдын  19-октябрга   чейин ачык конкурс жарыялайт.

Кара-Суу райондук билим  берүү  бөлүмүндѳ  улук топко-1,   кенже  топко -2 орундарга кадрлар   резервине  сынак  жарыялайт.

Сынактын  мѳѳнѳтү   19-октябрга  чейин

Райондук билим берүү бөлүмүнө

-кызмат орундарынын улук тобуна

— кызмат  орундарынын  кенже  тобуна

Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

1)    кесиптик билимдин деңгээли:

  • педагогикалык багыттагы жогорку  билим;
  • 2)    иш стажы жана тажрыйбасы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;
  • 3) кесиптик компетенттүүлүгү:
  • төмөнкүлөрдү билүү:

                  Жалпы  мыйзамдар :

1)   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы

2 )     Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .

  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Жарандардын   кайрылууларын   кароо  тартиби   жөнүндө
  • Кыргыз Республикасынын МыйзамыКыргыз Республикасынын ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө
  • Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча    типтүү нускамасы, Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы    № 120 токтому.

Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар :

1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  :

“Билим берүү жөнүндө” ,  “Мугалимдин статусу жөнүндө” ,

“Мамлекеттик тил жөнүндө”

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” ,

“Башталгыч кесиптик билим берүү” ,“Эл аралык келишимдер жөнүндө”, КРнын  Ѳкмѳтүнүн  2021-жылдын  5- мартындагы  № 72  токтому “КРнын Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  маселелери жѳнүндѳ  ”

билгичтиги:

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо;

-тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

-кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

-ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

-башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:

1) кесиптик билимдин деңгзэли  :

—    педагогикалык, фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими;

2)    иш стажы жана тажрыйбасы: —       иш стажына талаптарды койбостон;

3)    кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1.     төмөнкүлөрдү билүү:

                  Жалпы  мыйзамдар :

1)       Кыргыз  Республикасынын  Конституциясы

2 )      Кыргыз Республикасынын Мыйзамы  Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндѳ .

3)      Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча    типтүү нускамасы,    Кыргыз  Республикасынын   Өкмөтүнүн  2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому.

Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар :

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы :  “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” , “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;   Кыргыз Республикасынын “1-4-класстын окуучуларын  тамактандыруу  жѳнүндѳ ”

КРнын  Ѳкмѳтүнүн  2021-жылдын  5- мартындагы  № 72  токтому “КРнын Билим берүү  жана  илим  министрлигинин  маселелери жѳнүндѳ “

3.2.       билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
  • тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; —  мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө:

3.3.  көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик          жана   уюштуруу      техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

  • жеке арызы;
  • өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
  • резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат)
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; паспорттун көчүрмөсү; – скоросшиватель.

Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кара-Суу   райондук билим берүү  бөлүмү.

Кара-Суу  району, Кара –Суу шаары  , Ж.Аматов көчөсү №2.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын   19-сентябрдан  тартып  2024-жылдын   19 -октябрга  чейин. Байланыш телефону:    0551 006587 . Кабинет № 4.