Кара-Суу райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында ачык конкурс жарыялайт. Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнө кенже топтогу кызмат орунуна: Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табыгий илимдер, техникалык илимдер. Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талаптарды койбостон Кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы 3. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; 4. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; 5. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; 7. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси; 8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Билгичтиги : – Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык документтерди даярдоо; – тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; Көндүмдөрү : – Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; – ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Бул конкурска катышуучулар төмөндөгудөй документтерди тапшыруусу зарыл: – жеке арыз; – кадрдык өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) – Өмүр баян ( соттолбогондугун же соттолгондугун көрсөтүү менен) – паспортунан көчүрмө – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( иш стажы бар болсо); Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду: ДАРЕГИ: Кара-Суу шаары, Ленин көчөсү №50, Кара-Суу райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы байланыш номери: 0556001517,0709740745 Конкурска документтер массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан баштап, 2024-жылдын 26-августунан тартып, 2024-жылдын 6-сентябрына чейин иш күндөрү кабыл алынат. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Ош аймактык башкармалыгы Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айыл өкмөтү