Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтү административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине кабыл алуу үчүн
АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ;
- Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар;
- Кесиптик билиминин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку билим
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жарандык же / жана муниципиалдык кызматтагы жалпы стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү;
-төмөнкүлөрдү билүү
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды
II.Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар (экономикалык же/жана социалдык багыт боюнча) ;
- Кесиптик билиминин деңгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку билим
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
— мамлекеттик жарандык же / жана муниципиалдык кызматтагы жалпы стажы 1жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү;
-төмөнкүлөрдү билүү
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды
III. Кенже топтогу кызмат административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар (экономикалык же/жана социалдык багыт боюнча);
- Кесиптик билиминин деңгээли:
-тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим
- Стажы жана иш тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3.Кесиптик компетенттүүлүгү;
-төмөнкүлөрдү билүү
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын,ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды
Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
— Жеке арызы.
— Өздүк каттоо баракчасы.
— Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн).
— Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүргөн эгерде иш стажы бар болсо).
— Паспорт көчүрмөсү менен.
— Резюме. (электрондук почтаны көрсөтүү менен )
— Өмүр баян. (соттолгондугу же соттолбогондугу жɵнүндɵ маалыматты кɵрсɵтүү менен)
— 3 х 4 өлчөмдөгү төрт даана сүрөт.
Сынакка катышуучулардын документтери жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде Кара-Суу району, Отуз-Адыр айыл аймагы, Отуз-Адыр айылы, А.Атамбиев көчөсү №19 дарегинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн кадрлар бөлүмүнүн адиси тарабынан кабыл алынат.
Сурап билүү үчүн 0778 11 66 52 телефонуна кайрылсаңыздар болот.