Кемин районунун Кɵк-Ойрок айыл өкмөтү  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын негизинде  башкы, улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

 

Кемин районунун Кɵк-Ойрок айыл айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

–  административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна резервке;

–  административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна  резервке;

–  административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна  резервке.

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 18 жаштан жаш болбоого;

3) Соттуулугу жок;

4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинети жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
    8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»;
    9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдар

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
    3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
    4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
    5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
    6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары учун жалпы мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
    2. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жонундо” Мыйзамын;

Административдик муниципалдык башкы кызмат тобунун квалификациялык талаптар (жооптуу катчы)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

– жогорку кесиптик билим.

2.Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү

  • Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы
    ПЖ № 308 Жарлыгыменен бекитилгенКыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруунун, төмөндөтүүнүн жана ажыратуунун тартиби жөнүндө” жобосу;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 24 Жарлыгыны менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун ;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

          

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптары (Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С-А)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

–  мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамдарын;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
    ПЖ № 25 Жарлыгы менен бекитилген “Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө” жобосун;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана

расмий тилдерди билүү.

 

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Жер, турак-жай боюнча башкы адис С-Б)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-Жогорку  кесиптик билим.

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Мал чарбасыбоюнча башкы адис С-Б)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • ветеринария жана зоотехника багыттагы боюнча жогорку билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

–  мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3  жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жɵнүндɵ»мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө » мыйзамын.
  • Кыргыз Республикасынын «Жаныбарлар жɵнүндɵ»мыйзамы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Киреше боюнча жетектөөчү  адиси М-А)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

  • Экономика жана башкаруу, финансылык жана юридикалык багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;
  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Социалдык коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис М-А)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” мыйзамын;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Экономика жана статистика боюнча адиси М-Б)

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Экономика жана башкаруу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар багыттагы жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын “Расмий статистика жөнүндө” мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик

жана расмий тилдерди билүү.

 

Административдик муниципалдык кенже кызмат тобунун квалификациялык талаптар (Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору М-Б)

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку  же болбосо орто кесиптик билим;

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт.

3.Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» мыйзамын;
  • Кыргыз Республикасынын “Жалпыга бирдей анык жана альтернативдик аскердик милдетти өтөө жөнүндө” мыйзамын;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя  чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде 27-сентябрдан 10-октябрга чейин саат 8-30 дан  17:30 га чейин төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Кемин району Кайыңды айылы Мамбетов көчөсү 54, Кɵк-Ойрок айыл өкмөтүнүн имараты.  Сурап билүү телефондор: (03135) 70 510, 0500401584