Башкы кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар

(Б-А, Б-Б) (2 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Б-А үчүн: Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жамааттар жөнүндө, Жайыттар жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө.

Б-Б үчүн: Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— көндүмдөрү:

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

 

Улук кызмат орундарына (экономикалык блок)

коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-А,У-Б) (3 шатттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

У-А үчүн: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Бухгалтердик эсеп жөнүндө, Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө

У-Б үчүн: Кыргыз Ресубликасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— көндүмдөрү:

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

    Улук кызмат орундарына (юридикалык жана айыл чарба блок)    

коюлуучу квалификациялык  талаптар (У-Б) (2 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциялары:

— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Ресубликасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жер кодекси, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

— көндүмдөрү:

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже кызмат орундарына (экономикалык блок)

коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)   (4 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Бухгалтердик эсеп жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби жөнүндө

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже кызмат орундарына (гуманитардык блок)

коюлуучу квалификациялык талаптар (К-А, К-Б)  (4 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ж/дө, Жарандардын кайрылууларынын кароо тартиби ж/дө

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Айылдык кенештин башкы кызмат ордуна

коюлуучу квалификациялык талаптар (Б-Б) (1 штаттык бирдик)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын шайлоолору жөнүндө, Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, Жамааттар жөнүндө, Жайыттар жөнүндө, Мамлекеттик тил жөнүндө.

адам ресурстарын башкаруу жаатындагы;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди;

— билгичтиги:

иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— көндүмдөрү:

маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

 

Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн баштап 10 календардык күн ичинде төмөнкү  дарек боюнча тапшыруу  керек: Теплоключенка айылы, Ленина көчөсү, №154, 1-кабат, Теплоключенка айыл өкмөтү.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк. Джумабаева Бактыгуль Раджаповна., тел.(03948) 91591; (0500) 369 922