Чүй облусунун Кемин районунун Чон-Кемин айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 10,12
беренелеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралынын №24
Жарлыгынын негизинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана
муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобонун
негизинде 2024-жылдын 10-декабрынан 23-декабрына чейин Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн
башкы жана улук административдик муниципалдык кызмат орундарынын кадрлар резервине
ачык конкурс жарыялайт
Кемин районунун Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй
өткөрүлөт:
– административдик муниципалдык кызмат орунунун башкы тобуна резервке;
– административдик муниципалдык кызмат орундарынын улук тобуна резервке;
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш
келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2) 18 жаштан жаш болбоого;
3) Соттуулугу жок;
4) Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын
Министирлер Кабинети жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын «Эмгек Кодекси»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
7. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»;
8. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга
жетүү жөнүндө»;
9. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майы ПЖ № 171 менен
бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана
муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык
кызмат жөнүндө»;
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби
жөнүндө»;
4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук
актылары жөнүндө»;
5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майы ПЖ № 171 менен
бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана
муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө” Жарлыгы
Административдик муниципалдык башкы кызмат тобунун квалификациялык талаптар
(башчынын орун басары-жооптуу катчы)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
– жогорку кесиптик билим.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же
тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы
3.Кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы
ПЖ № 24 Жарлыгыны менен бекитилген “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык
кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана
иштөөсүнүн тартиби жөнүндө” жобосун ; Кыргыз Республикасынын
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
жөнүндө » мыйзамын; “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине кошумча формасын
жана эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 24.07.2023 №462 токтому, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын
24-февралынын №61 Жарлыгына “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык
кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө
жобо”;
— кызматтык милдеттерди аткарууда тиешелүү көлөмдө мамлекеттик жана официалдык тилди
билүүсү;
— чеберчилик:
— кызматтык иш жүргүзүүдө приоритеттүү багыттарын аныктай алуусу жана стратегиялык
пландарды иштеп чыга билүүсү;
— анализ, прогноз, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана структуралык
бөлүмдөрдүн маселелерин чечүү жолдорун интеграциялоосу;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алуу жана анын кесепеттеринин жоопкерчилигин
тартуу;
— жактардын кызыкчылыктарынын кагылышына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз
убагында аныктоо жана чечүү;
— коюлган тапшырмаларды новатордук жол менен чечүү мүмкүнчүлүктөрүн издөө;
— өзүнүн жана структуралык бөлүмдөрдүн иштерин эффективдүү пландоо;
— бөлүмдөр аралык өз ара аракеттенүүлөр;
— чыр-чатак кырдаалдарын жөндөө.
— көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— структуралык бөлүмдөрдү башкаруу (аткаруучулар арасында тапшырмаларды рационалдуу
бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин тапшырманы жекече көрүүсүн жана
стратегиялык максаттарды аткаруучуларга сапаттуу жеткирүү, оперативдүү даярдык,
башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана ишке ашыруу, иш жүргүзүүнүн жаңы
формаларын жана ыкмаларын издөө);
— маалыматтарды системалаштыруу жана жалпылоо анализи;
— укуктук-ченемдик актылар менен иштөө жана иш жүзүндө колдонуу;
— өз ара мамилелерди эффективдүү куруу, кызматтык этикетти колдоно билүү, отурумдарды,
эл алдына чыгууларды жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана официалдык
тилдерде иш кат алуушуларын жүргүзүү;
— керектүү программалары бар компьютер жана оргтехника менен иштей билүү.

Административдик муниципалдык улук кызмат тобунун квалификациялык талаптары
(Социалдык-экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С-А)
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-Экономика жана башкаруу, финансылык багыттагы жогорку билим;
2.Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же
болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
– төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Салык кодексин; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин;
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамын; Кыргыз
Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамы;
— — кызматтык милдеттерди аткарууда тиешелүү көлөмдө мамлекеттик жана официалдык
тилди билүүсү;
чеберчилик:
— кызматтык иш жүргүзүүдө приоритеттүү багыттарын аныктай алуусу жана стратегиялык
пландарды иштеп чыга билүүсү;
— анализ, прогноз, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана структуралык
бөлүмдөрдүн маселелерин чечүү жолдорун интеграциялоосу;
— башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алуу жана анын кесепеттеринин жоопкерчилигин
тартуу;
— өзүнүн жана структуралык бөлүмдөрдүн иштерин эффективдүү пландоо;
— кесиптештер менен эффективдүү кызматташуу;
— иш боюнча сүйлөшүүлөрдү уюштура билүү жана жаңы эмгек шарттарына көнүү
көндүмдөр:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— маалыматтарды системалаштыруу жана жалпылоо анализи;
— укуктук-ченемдик актылар менен иштөө жана иш жүзүндө колдонуу;
— керектүү программалары бар компьютер жана оргтехника менен иштей билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок
экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин
(бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү
(иш стажы бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды
тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.
Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу
күндүн ичинде 2024-жылдын 10-декабрдан 23-декабрга чейин саат 8-30 дан 17:30 га чейин
төмөндөгү дарекке тапшыруу керек: Кемин району Чон-Кемин айыл аймагы Шабдан айылы
Данияров көчөсү 75, Чон-Кемин айыл өкмөтүнүн имараты. Сурап билүү телефондор: (03135)
58-112, 0707 872 870