Кыргыз  Республикасынын  2021-жылдын  27-октябрындагы

“Мамлекеттик  жарандык  кызмат  жана  муниципалдык  кызмат  жөнүндө”  №125  Мыйзамынын  10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын  2-февралындагы  «Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  органынын  жана  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органынын  мамлекеттик  жарандык  кызматынын  кадрлар  резервин  түзүү  жана  иштөөсү  жөнүндө”  №24  Жарлыгына  ылайык,  Кербен  шаарынын  мэриясы  улук жана  кенже   кызмат орундарынын  кадрлар  резервине

 ачык  конкурс  жарыялайт!

 

1) Административдик  улук  кызмат  орундарынын  кадрлар  резервине  кирүү  үчүн  стажына  жана  иш  тажрыйбасына  карата  төмөнкү  квалификациялык  талаптар  белгиленет;

 

—    Улук кызматтын  кадрлар  резерви- жалпысынан  1  жылдан  кем  эмес  мамлекеттик

жана/же  муниципалдык  кызматтагы  жыйынды  иш  стажы  же  тийиштүү  кесиптик

чөйрөдө  3  жылдан  кем  эмес  иш  стажы;

 

  1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

—    жогорку  билим: — төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери), табигый илимдер, курулуш, техникалык жана юриспруденция багытындагы.

 

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

—     Төмөнкүлөрдү  билүү:

 

 

    Кыргыз  Республикасынын  жалпы мыйзамдарын:

—   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясын;

—   “Жарандардын  кайрылууларын  кароо тартиби  жөнүндө”

—   Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык  кызмат  жана  муниципалдык

кызмат жөнүндө”

—  “Кыргыз  Республикасынын  “Ченемдик  укуктук  актылары  жөнүндө”

—  “Коррупцияга  каршы  аракеттенүү  жөнүндө”

—   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын  3-мартындагы  № 120 токтому

Менен  бекитилген  Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү  боюнча

типтүү  нускамасы.

 

 

     Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар:

— «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»,

—  Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси;

Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодекси;

—  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү”

—  «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө»,

—  «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө»,

 

 

2) Административдик  кенже  кызмат  орундарынын  кадрлар  резервине  кирүү  үчүн  стажына  жана  иш  тажрыйбасына  карата  төмөнкү  квалификациялык  талаптар  белгиленет;

 

—    Кенже  кызматтын  кадрлар  резерви- иш стажына талаптар коюлбайт.

 

  1. Кесиптик билимдин  деңгээли:

—    жогорку  билим: — төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: айыл чарба, жерге жайгаштыруу, табигый илимдер, курулуш, техникалык жана юриспруденция багытындагы, финансы-экономикалык багытындагы.

 

 

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

 

—     Төмөнкүлөрдү  билүү:

 

 

    Кыргыз  Республикасынын  жалпы мыйзамдарын:

—   Кыргыз  Республикасынын  Конституциясын;

—   Кыргыз  Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык  кызмат  жана  муниципалдык

кызмат жөнүндө”

 

 

     Тиешелүү  тармактагы  мыйзамдар:

— “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”,

— “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” ;

— “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү”;

—   Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн  2020-жылдын  3-мартындагы  № 120 токтому

менен  бекитилген  Кыргыз  Республикасында  иш  кагаздарын  жүргүзүү  боюнча

типтүү  нускамасы.

 

Билгичтиги:

    маалыматты  жыйноо,  талдоо,  системалаштыруу  жана  жалпылоо;

аналитикалык  документтерди  даярдоо;

тиешелүү  чөйрөдөгү  ата-мекендик  жана  чет  өлкөлүк  тажрыйбаны  талдоо

жана  практикада  колдонуу;

кесиптештер  менен  натыйжалуу  кызматташуу;

иштиктүү  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү;

эмгектин  жаңы  шарттарына  көнүү;

 

Көндүмдөрү:                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

    ченемдик  актылар  менен  иштөө  жана  аларды  тажрыйбада  колдонуу;

ишти  пландаштыруу  жана  жумуш  убакытын  туура  бөлүштүрүү;

башкаруучулук  чечимдерди  ыкчам  жүзөгө  ашыруу;

компютердик  жана  уюштуруу  техникасын,  зарыл  болгон  программалык

продуктуларды  колдоно  билүү;

 

 

Сынакка  катышуу  үчүн  документтер:

—   бош  кызмат  ордун  көрсөтүү  менен  жеке  арыз  ( контакттык  телефон  номери

менен);

—   кадрларды  эсепке  алуу  боюнча  баракча,  4  даана  3х4  өлчөмүндөгү  сүрөтү

менен;

—   резюме,  сунуш  каттары,  өмүр  баян  (соттолгондугу  жана  соттолбогондугу

жөнүндө  маалымат);

—   билими  жөнүндө,  квалификациясын  жогорулаткандыгы,  илимий  даража  же

илимий  наам  ыйгарылгандыгы  жөнүндө  дипломдордун  көчүрмөлөрү,  эмгек

китепчесинин,  паспортунун  көчүрмөлөрү,  аскер  билетинин  көчүрмөсү

дипломдорунун  көчүрмөлөрү  нотариустан  же  иштеген  жериндеги

кызматчыларды  башкаруу  кызматы  тарабынан  күбөлөндүрүлөт.

 

 

Сынакка  катышуу  үчүн  керектүү  документтер  жарыя  Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына  жарыяланган  күндөн  тартып  10  жумушчу  күндүн  ичинде  төмөнкү  дарек  боюнча  кабыл  алынат.

Кербен  шаары,  Ныязалы  көчөсү  №7,  Кербен  шаарынын  мэриясы,

Н.Багышбекова Тел: 0771001775, 0773106726