Аксы районунун Кербен шаарынын мэриясы башкы, улук орундарынын кадрлар резервине ачык конкурс жарыялайт! 1) Башкы топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар: кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим (мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу,юридикалык, финансы-экономикалык,гуманитардык,техникалык,педагогикалык багыттагы); иш стажы жана тажрыйбасы: – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 3 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 5 жылдан кем эмес; кесиптик компетенттүүлүгү: – төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясы; -“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөгү” Конституциялык мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси; – Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамы; – “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндөгү” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамы; – Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндөгү” №171 Жарлыгы; Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: -Жер Кодекси; -Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы; -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы жөнүндөгү” №120 токтому; Менеджменттин негиздерин, адам ресурстарын башкаруу жаатындагы иш билгиликти, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү зарыл. 2) Административдик улук кызмат орундарынын кадрлар резервине кирүү үчүн стажына жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет; – Улук кызматтын кадрлар резерви- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды иш стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим: – төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери), табигый илимдер, курулуш, техникалык жана юриспруденция багытындагы. Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдүү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: – Кыргыз Республикасынын Конституциясын; – “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” – Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” – “Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” – “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” -“Электрондук башкаруу жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому Менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы. Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: -Бюджеттик Кодекс; – «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» -“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” – “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүулөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү; Көндүмдөрү: ченемдик актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү; Сынакка катышуу үчүн документтер: – бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз ( контакттык телефон номери, электрондук почтасын көрсөтүү менен); – кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, 4 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөтү менен; – резюме, сунуш каттары, өмүр баян (соттолгондугу жана соттолбогондугу жөнүндө маалымат); – билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү дипломдорунун көчүрмөлөрү; Эскертүү: Конкурска катышууну каалаган талапкерлер “е-kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук форматта өтүнмө бериш керек. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер жарыя Кербен шаарынын мэриясынын веб сайтына жарыяланган күндөн тартып 14 календарлык күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат. Кербен шаары, Ныязалы көчөсү №7, Кербен шаарынын мэриясы, Н.Багышбекова Тел: 0771001775, 0773106726 Жазуулар боюнча багыттоо Үч-Терек айыл өкмөтү