Кочкор-Ата шаардык мэриясы төмөнкү административдик муниципалдык бош кызмат орундарга сынак жарыялайт
- Жетектөөчү адис-сатып алуулар боюнча (1 штаттык бирдик)
- Жетектөөчү адис-жер, турак-жай, коммуналдык маселелержана өзгөчө кырдаалдар боюнча (1 штаттык бирдик)
Жетектөөчү адис-сатып алуулар боюнча:
Квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин денгээли:
-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, бизнес жана менеджмент, финансылык, экономикалык, архитектура жана курулуш, технология багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажырыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компететтүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
-Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, КР “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары.
-билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаны шарттарына көнүү;
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажырыйбада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Жетектөөчү адис- жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча (1 штаттык бирдик)
Квалификациялык талаптар:
- Кесиптик билимдин денгээли:
-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, бизнес жана менеджмент, финансылык, экономикалык, энергетика жана электротехника, транспорттук техника, архитектура жана курулуш, технология багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билим.
- Иш стажы жана тажырыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
- Кесиптик компететтүүлүгү:
-төмөнкүлөрдү билүү:
-КР Жер кодекси, Турак-жай кодекси, КР “Автомобиль жолдору жөнүндө”, “Электр энергиясы жөнүндө” “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдары.
-билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
-көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажырыйбада колдонуу;
СЫНАККА КАТЫШУУ ҮЧҮН ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:
- өздүк арыз;
- өздүк баракча;
- 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
- Резюме;
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
- Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү);
Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу кундун ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.
Кочкор-Ата шаары,Токтогул көчөсү-17, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.
Байланыш телефондор: (03734)5-33-63, 0771414446;