Кочкор-Ата шаардык  мэриясы төмөнкү  административдик муниципалдык бош кызмат орундарга сынак  жарыялайт

  1. Жетектөөчү адис-сатып алуулар боюнча (1 штаттык бирдик)
  2. Жетектөөчү адис-жер, турак-жай, коммуналдык маселелержана өзгөчө кырдаалдар боюнча (1 штаттык бирдик)

 

Жетектөөчү адис-сатып алуулар боюнча:

 

Квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, бизнес жана менеджмент, финансылык, экономикалык, архитектура жана курулуш, технология багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик  билим.

  1. Иш стажы жана тажырыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компететтүүлүгү:

           -төмөнкүлөрдү билүү:

           -Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси,  КР “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”,  КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдары.

          -билгичтиги:

маалыматты  жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык  документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаны шарттарына көнүү;

           -көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажырыйбада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Жетектөөчү адис- жер, турак-жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча (1 штаттык бирдик)

 

Квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин денгээли:

-Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, бизнес жана менеджмент, финансылык, экономикалык,  энергетика жана электротехника, транспорттук  техника, архитектура жана курулуш, технология багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик  билим.

  1. Иш стажы жана тажырыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компететтүүлүгү:

           -төмөнкүлөрдү билүү:

           -КР Жер кодекси, Турак-жай кодекси, КР “Автомобиль жолдору жөнүндө”,  “Электр энергиясы жөнүндө” “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдары.

          -билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

кызматтык милдеттерге ылайык өз  ишин  натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;            

-көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажырыйбада колдонуу;

 

СЫНАККА  КАТЫШУУ  ҮЧҮН  ТАЛАП  КЫЛЫНУУЧУ ДОКУМЕНТТЕР:

  1. өздүк арыз;
  2. өздүк баракча;
  3. 4х6 өлчөмдөгү сүрөт эки даана;
  4. Резюме;
  5. Паспорттун көчүрмөсү;
  6. Билими тууралуу документтин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  7. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариалдык тастыкталган же иштеген жериндеги кызматкерлер менен иш алып баруу кызматы тарабынан тастыкталган);
  8. Талапкердин өз колу менен жазылган өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү);

Документтерди кабыл алуу массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн кийин 10 (он) жумушчу кундун ичинде төмөндөгү дарек боюнча жүргүзүлөт.

Кочкор-Ата шаары,Токтогул көчөсү-17,    Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын имараты.

Байланыш телефондор: (03734)5-33-63, 0771414446;