Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы;

5) Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн («Балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо» бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси)

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;

2)Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси;

3)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн  (“Каржы жана бухгалтердик эсеп” бөлүмүнүн башчысы, башкы адиси) 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: экономика жана башкаруу.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

1)Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;

2)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынын “Электрондук башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;

6)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн (“Социалдык кызматтарды көрсөтүү” секторунун башкы адиси)

1) Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

1)Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

2)Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси;

3)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

– билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн  (“Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана миграция” секторунун башкы адиси)

1) Кесиптик билим деӊгээли:

 – жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

– төмөнкүлөрдү билүүсү:

1)Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

2)Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Мыйзамы;

3)Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;

4)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамы;

5)Кыргыз Республикасынын “Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү” Мыйзамы.

– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү.

билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтер) тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен),

– өздүк таржымал (өмүр баян),

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу;

–“Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификат;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmat” порталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kgэлектрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 3-февралынан баштап 13-февралына чейин саат 9-00 дан 18-00го чейин тапшыруу керек

Эскертүү: Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Баардык квалификациялык талаптан өткөндөр конкурс өтүү үчүн чакырылат, уюлдук телефон номерин калтыруу зарыл.

Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы, Касымов көчөсү №61, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,

телефон: (0 3535) 5-03-64, мобилдик  номер: 0700852089