Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук кызмат тобун ээлөөгө.Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) 21 жаштан жаш болбоого;

3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

 Административдик мамлекеттик жарандык улук кызмат орундары үчүн У-А, У-Б (жалпы мыйзамдарды билүү)  негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;

3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

4) “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

5) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6) Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. 

  1. Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн 

1). Кесиптик билим деӊгээли:

– жогорку билим: гyманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

2). Иш стажы жана тажрыйбасы: 

– жалпысынан 1 бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 үч жылдан кем эмес иш стажы

3). Кесиптик компетенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүүсү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү  кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
  2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Мыйзамы;
  3. Кыргыз Республикасынын “Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө” Мыйзамы;
  4. Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы;
  5. Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
  6. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө Кодекси;
  7. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» Мыйзамы;
  8. «Кыргыз Республикасынын «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү» Мыйзамы;
  9. Кыргыз Республикасынын «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Мыйзамы

билгичтиги :

– маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

– аналитикалык документтерди даярдоо;

– тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

– эмгектин жаӊы шарттарына адаптациялашуу;

– «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди»

көндүмдөрү:

– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

– ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү;

– башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу;

– компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер электрондук форматта (сканерленген документтертапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (уюлдук номерин, электрондук почтаны, жеке идентификациялык номерин жана соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен),

– соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалымат

– өздүк таржымал (өмүр баян),

– негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу;

– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Конкурска катышууну каалаган адамдар мамлекеттик “e-Kyzmatпорталындагы жеке кабинет аркылуу (https://kyzmat.gov.kg/kgэлектрондук форматта өтүнмөнү, белгиленген талаптарга туура келген электрондук документтерди жана маалыматтарды 2026-жылдын 2мартынан баштап 12-мартына чейин саат 9-00 дан 17-00го чейин тапшыруу керек

Эскертүү: Белгиленген талаптарга туура келбеген толук эмес документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарга сынакка катышууга жол берилбейт.

Баардык квалификациялык талаптан өткөндөр конкурс өтүү үчүн чакырылат, уюлдук телефон номерин калтыруу зарыл.

Дареги: Кочкор району, Кочкор айылы, Касымов көчөсү №61, Кочкор райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы,

телефон: (0 3535) 5-03-64, мобилдик  номер: 0700852089