КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараты, ички кадрлар резервине киргизүү үчүн кенже топтогу – 2 административдик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялайт Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар: Кесиптик билим деңгээли : Гуманитардык илимдер, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому. – кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү. Билгичтиги: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү; -мамлекеттик жан/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жооптордун даярдоо; – командада иштөө; Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн ылдам тиккичте кийинкидей документтер тапшырылуусу зарыл: – жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына) – сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт); – өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт); – негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо); – ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат; – паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт). Документтер 2025-жылдын 1-апрелинен тартып 13-апрелине чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Курбаналы Сабыров көчөсү №10. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн имараты. Сурап билүү телефону: 0771 30 09 89 Жазуулар боюнча багыттоо Айдаркен шаардык мэриясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнундөгү» Мыйзамына ылайык административдик орундарына (башкы, улук жана кенже) тобу учун кадрлар резервине киргизүү үчүн Ачык сынак жарыялайт. Кадамжай шаардык мэриясына кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана мунципиалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык жана мунципиалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” №24 Жарлыгынын негизинде Кадамжай шаардык мэриясы башкы, улук жана кенже кызмат орундарына ички кадрлар резервине кирүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.