Кадрлар резервинин улук тобуна кирүү үчүн талаптар: Кызмат орундарынын улук топтору үчүн төмөнкүлөр болуш керек: – Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; – мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес, тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 5. “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Кыргыз Рспубликасынын “Эмгек Кодексин” Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы; “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук тамактануусу жөнүндө” мыйзамы;. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Кадрлар резервинин кенже тобуна кирүү үчүн талаптар: Кызмат орундарынын кенже топтору үчүн төмөнкүлөр болуш керек: – Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; – иш стажына талаптар коюлбайт. Жалпы мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын; 2. «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш жүргүзүү боюнча Типтүү нускамасын. Предметтик мыйзамдардан төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл: 1. КРнын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамы; “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамы; “КРнын жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларынын коомдук таматануусу жөнүндө” мыйзамы;. “Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы №72 токтому. Билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. Көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: – жеке арыз; (конкурстук комиссиянын атына) – сүрөтү бар резюме (электрондук дарек кошо көрсөтүлөт); – өмүр баян (соттуулуктун бар-жогу тууралуу маалымат көрсөтүлөт); – негизги жана кошумча билимди ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы болсо) нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлөт; – илимий даражаны же илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (болсо); – ИИМ соттолбогондугу тууралуу маалымкат; – паспорт көчүрмөсү (сыннакка келген учурда түп нускасы көрсөтүлөт). Документтер жарыя чыккандан баштап 27.10.2023-жылдан тартып 11.11.2023-жылга чейин кабыл алынат. Токтогул району, Токтогул шаары, А.Суеркулов көчөсү №3. Телефон: 0778506362, 0708025272, 0773099434, 0704099434 Сынак өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө кошумча маалымат берилет. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигине караштууЖерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы кадрлар резервине киргизүү учун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, улук жана кенже кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт. Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэриясы КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык административдик муниципалдык кызматынын орундарына кадрлар резервин түзүү үчүн АЧЫК СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ