КР ӨКМине караштуу калдык сактоочу жайлар менен иштөө департаментти.

           Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт.

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:

Негизги мыйзамдар:

—   Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципиалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 – мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдар:

— “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;

— “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;

-“Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”;

— “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.

-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

       3.2 Билгичтиги:

— алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;

-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;

— өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

— ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;

— чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.

        3.3  Көндүмдөрү:

— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;

— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;

— тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;

— жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.

  1. Кызматтык милдеттери

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;

— жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;

— кызматтык этика ченемдерин сактоо;

— мамлекеттик органда,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;

— кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо;

— ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу;

—  жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу;

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

— арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4  4 даана;

— паспорттун көчүрмөсү;

— эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.

Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 10-июнуна чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу зарыл.

Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.