КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча
департаменти кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат
орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды белгилейт:
1. Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
– иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1 Төмөнкүлөрдү билүү:
Негизги мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №
120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын
жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
– “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”;
– “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”;
– “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу
жөнүндө”;
– “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”.
-Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий
тилдерди билүү.
3.2 Билгичтиги:
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды
колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
–кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу
кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
– өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
3.3 Көндүмдөрү:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
-маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды
тажрыйбада колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин
ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде
ишкердик кат алышуу;
– тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
-жумушту жана иш убактыны мерчемдөө.
4. Кызматтык милдеттери
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо;
-жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону
камсыз кылуу;
– кызматтык этика ченемдерин сактоо;
-мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында
ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык
маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо;
– кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын
деңгээлин сактоо;
– ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же
макулдашуу;

-жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү,
ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу
аткаруу;
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу
зарыл:
– арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо
баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө
маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4-4 даана;
– паспорттун көчүрмөсү;
– эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий
наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды
башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү
керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204.
Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын
9-октябрына чейин кечиктирбестен кадр жана иш кагаздары боюнча башкы
адисине тапшыруу керек.
Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00.