КР ӨКМне караштуу Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча департаменти кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптарды белгилейт: Кесиптик билимдин деңгээли: жогорку, техникалык илимдер, өзгөчө кырдаалдарда коргоо. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт. Кесиптик компетенттүүлүгү: 3.1 Төмөнкүлөрдү билүү: Негизги мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: “Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”; “Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын”. Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү. 3.2 Билгичтиги: алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө; -кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү; өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу. 3.3 Көндүмдөрү: аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү; натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу; тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу; жумушту жана иш убактыны мерчемдөө. Кызматтык милдеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо; жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу; кызматтык этика ченемдерин сактоо; мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ички эмгек тартибинин, кызматтык нускамалардын эрежелерин, кызматтык маалымат менен иштөө жана кызматтык өз ара аракеттенүү тартибин сактоо; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү квалификациянын деңгээлин сактоо; ченемдик укуктук жана башка актыларды иштеп чыгуу жана/же макулдашуу; жетекчилер тарабынан берилген буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү, ошондой эле бөлүмгө берилген иш кагаздарды өз учурунда жана сапаттуу аткаруу; Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл: арыз бош кызмат орундун так аталышы менен, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт 3х4-4 даана; паспорттун көчүрмөсү; эмгек китепчесинин, кесиптик билимин, илимий даражасын же илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Сынакка катышуу үчүн документтерди төмөнкү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч.11, каб.204. Документтерди сынак жарыяланган күндөн тартып 2024-жылдын 21-апрелине чейин кечиктирбестен Кадр жана иш кагаздары боюнча башкы адисине тапшыруу керек. Байланыш телефондор: (0551) 11 22 00. Жазуулар боюнча багыттоо Ош шаарынын мэриясы Кара-Суу районунун Манас айыл өкмөтү