Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы УП №24 “Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кадрлар резервине киргизүү үчүн улук административдик мамлекеттик жарандык кызматынын орундарына конкурс жарыялайт:
I. Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунуна:
Кесиптик билимдин деңгээли: – юридикалык жогорку кесиптик билим;
Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Кесиптик компетенттүүлүгү:
3.1. Төмөнкүлөрдү билүү: Жалпы мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө», Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Предметтик мыйзамдар: Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябры №233 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобосу”.
3.2. Билгичтиги: – аналитикалык иш кагаздарды даярдоо; – кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;
Конкурска катышуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:
– жеке арызын,
-кадрларды каттоо баракчасын,
-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), -резюмени (электродук даректи көрсөтүү менен),
сүрөтүн;
– паспорттун көчүрмөсүн;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтеринин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы бар болсо);
– илимий даража же илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү.
Документтерди 2022-жылдын 3-июлуна чейин Кадр бөлүмүнө тапшыруу керек. Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары, Н.Исанова 5, (Кадр бөлүмү), Байланыш телефондор: 0778 212131, 0770 224251

https://mchs.gov.kg/kr-kmnin-batken-oblusu-boyuncha-bashkarmalygy-kadrlar-rezervine-kirgiz-ch-n-kyzmat-orundaryna-konkurs-zharyyalajt/