КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын негизинде, мамлекеттик жарандык кызматынынадминитсративдик бош кызмат орундарына сынак жарыялайт:

1.1.Башкы адис (У-Б)-2 бирдик:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, экономика, табият таануу илимдери, архитектура жана курулуш, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, өрт коопсуздугун камсыздоо.
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
— Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамы;
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” мыйзамдарын,
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы №315 “Жарандык коргонуунун башкаруу органдарын, күчтөрүн жана калкты Жарандык коргонуу тармагында даярдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2010-жылдын 17-декабрындагы №327 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2011-жылдын 3-январындагы №1 “Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
4.Билгичтиги;
— документтердин, маалыматтардын, сурамдарга жооптордун сапаттуу даярдоого жөндөмү;
— командада иштей билүүгө жөндөмү;
— кызматтык алака, көңүл бөлүүгө, демилге көтөрө билүүгө жөндөмү;
— ири көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүүгө жөндөмү.
5.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
-компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Талас шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү
Жарандык коргонуу бөлүмчөсү
2.1. Жетектөөчү адис (К-А)-1 бирдик:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: техникалык, табият таануу илимдери, архитектура жана курулуш, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу, техносфералык жана өрт коопсуздугу;
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт.
3.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз
Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 12-апрелиндеги №159 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы эвакуациялык комиссиясы жөнүндө”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө», 2019-жылдын 6-майындагы №212 “Аймактарды топторго, уюмдарды — Жарандык коргонуу боюнча категорияларга киргизүү тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 6-майындагы №213 “Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 11-ноябрындагы №597 “Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоонун тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 13-майындагы №219 “Коопсуз райондорго калкты эвакуациялоо жана көчүрүү, ошондой эле материалдык жана маданий баалуулуктарды эвакуациялоо тартибин бекитүү жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 23-октябрындагы №569 “Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө”, 2019-жылдын 19-февралындагы №58 “Жарандык коргонуу боюнча комиссия жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
4.Билгичтиги:
— жарандар менен иштей билүү жөндөмү;
— жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
— жарандык коргонуу боюнча окутуулардын иш кагаздарын билүү;
— карталар менен иштей билүү жөндөмү;
— өзгөчө кырдаалдар учурунда ищтөөгө физикалык чыдамкайлуулугу;
— чоң көлөмдүү маалыматтар менен иштөө жөндөмдүүлүгү;
-жогорку турган башчылардын тапшырмаларын сапаттуу аткаруу жөндөмдүүлүгү;
— курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;
— компьютерди колдоноо билүү (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power Point, Internet)
5.Көндүмдөрү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
-натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин, ыкмаларын билүү;

Талас шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн
Өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмчөсү
3.1.Жетектөөчү адис (К-А)  1 бирдик:
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
-жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: техникалык; экономикалык; информатика жана эсептөө техникасы; табият таануу илимдери; архитектура жана курулуш; өзгөчө кырдаалдардан коргонуу; өрт коопсуздугун камсыздоо: физика жана математика.
2.Иш стажы жана тажрыйбасы:
-иш стажына талап коюлбайт.
3.Төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
-Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Предметтик мыйзамдар:
-Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугу жөнүндө”, “Өрт коосуздугун камсыз кылуу жөнүндө”, “Жарандык коргонуу жөнүндө”, “Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө”мыйзамдарын.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-сентябрындагы №871 “Кыргыз Республикасынын күжүрмөн уставы жөнүндө”, 2014-жылдын 22-сентябрындагы №872 “Кыргыз Республикасынын гарнизондук–караулдук уставы жөнүндө”, 2019-жылдын 06-майындагы №214 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрткө каршы мамлекеттик профилактика жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2019-жылдын 28-январындагы №16 “Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу кызматтары жөнүндө”, 2019-жылдын 18-апрелиндеги №179 “Жарандык коргонуунун мамлекеттик тутуму жөнүндө жобону бекитүү тууралуу”, 2018-жылдын 22-ноябрындагы №550 “Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө” токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №262 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жобону.
4.Билгичтиги:
— жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;
— карталар менен иштей билүү жөндөмү;
— курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;
— медицина жана химия боюнча түшүнүгү;
— иш кагаздарын жүргүзүү эрежерин билүү;
— компьютерди колдонуу билүү (Microsoft Word, Microsoft Excel, Power point, Internet).
5.Көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкердик этика ченемдерин, ыкмаларын билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди тапшыруу керек:
-Бош кызмат орду көрсөтүлгөн өздүк арыз;
-кадрлар боюнча өздүк баракча,сүрөтү (4ч6-2 даана);
-Өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
-Резюме;
-Паспорттун көчүрмөсүн;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Документтерди 2022-жылдын 06-июнуна чейин Кадрлар бөлүмүнө тапшыруу керек.
Конкурска катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Талас шаары, Ч.Айтматов көчөсү 370, Кадрлар бөлүмүнө, тел.: 0500 3232 69