Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин Аймактар аралык башкармалыктарынын компьютердик техникалары жаңыланууда
Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агентиктин Түндүк аймактардагы башкармалыгы, облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн компьютердик техникалары жаңыртылды.
Агенттик менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын кызматташтыгынын алкагында компьютердик техникалар алынып Түндүк аймактар аралык башкармалыгына тапшырылды. Аталган жабдыктар Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чуй облустарындагы өкүлчүлүктөрүнө бөлүштүрүлдү.
Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программанын системасынын максаттарынын бири – өлкөгө жергиликтүү өз алдынча башкарууну (ЖӨБ) өнүктүрүү чөйрөсүндө реформаларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү жана туруктуу өнүгүүнүн эл аралык макулдашылган максаттарына жетүү үчүн колдоо көрсөттү.
БУУнун Өнүктүрүү Программасынын өкүлдөрү техникалык каражаттарды тапшырып жатып Агенттик менен жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө мындан ары кызматташуунун пландары бар экенин билдирди.