Кудайберген Базарбаев Агенттик тарабынан иштелип чыккан эки мыйзам долбоорду  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жактады

Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери  боюнча мамлекеттик  агенттиги  тарабынан иштелип чыккан

1) “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” жана

2) “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын 2 мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында 3-окууда каралып, колдоого алынды.