Кудайберген Базарбаев БУУ түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү  

Агенттиктин директору К.Б. Базарбаев БУУ түзүмүнүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Гравени жылуу кабыл алып, бул жолугушуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жетекчи биринчи кезекте агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Анын ичинде, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кадрлар резерви, административдик-аймактык реформанын (ААР) негизги артыкчылыктуу багыттарына токтолду. Ошондой эле ААР Кыргызстан үчүн өтө татаал жана масштабдуу тарыхый окуя экенин баса белгиледи. Бирок ага карабастан ААР ийгиликтүү өткөндүн кошумчалады. Жалпы  республикалык Административдик Аймактык реформага чейин 452 айыл өкмөтү бар болсо, реформанын жыйынтыгында 235 айыл аймагы болуп кайрадан түзүлдү. Ошондой эле, өлкөдөгү 33 шаардын 14 шаарына жакын жайгашкан 19 айыл өкмөтү жана 112 айыл кошулду.

Кудайберген Базарбаев бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 22 400 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар экенин айтты. Бул планда мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын жогорулатууну көңүлгө алуу менен Агенттик  квалификациясын жогорулатуу үчүн жооп берүүчү негизги мамлекеттик орган болуп саналып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов ат. Мамлекеттик башкаруу академиясы жүзөгө ашырат. Ошондой эле жетекчи белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди  мамлекеттик  окутуудан тышкары чет өлкөлүк өнөктөштөр (Япония, Түштүк Корея, Кытай ж. б.) менен кызматташуу географиясы кеңейтилип жатканын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.