Кудайберген Базарбаев “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” аталышындагы эл аралык конференцияга катышты
Агенттик “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору менен кызматташуусунун натыйжасында, муниципалдык кызматтардын сапатын бир топ жакшыртты: таштандыларды чогултуу жана чыгарууда, ичүүчү суу менен камсыздоодо, жашылдандырууда, көчөлөрдү жарыктандыруу жана башка кызматтарда олуттуу ийгиликтер бар.
Иш-чаранын ачылышына Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Замирбек Мамасадыков, Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер катышышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун тапшырмасы менен Агенттик эл аралык кызматташтыкты кыйла жандандырдырып, баскычтарга көтөрүүгө жетишти.
Кудайберген Базарбаевдин: “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кфалификацияларын көтөрүү, дүйнөлүк тажрыйбаларды алуусу үчүн, бир нече мамлекеттерге узак жана кыска мөөнөттүү окутуулардын квоталарын эселеп көбөйттүк. Ошону менен катар Кыргызстанда швейцариялык долбоордун колдоосу менен жергиликтүү деңгээлдеги 100дөн ашык кызматтар жакшыртылды. Андан сырткары долбоордун алкагында аймактарга ондогон атайын техникалар алынды”.
Аталган долбоор бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайтарымсыз грант түрүндө 100 000 000 сом бөлгөн. Кошумчалай кетсек өлкөнүн 134 муниципалитетинде 512 266 жергиликтүү тургун үчүн 120 түрдүү кызматтарды ишке киргизип, турукташтырган. Кыргызстанда биринчи жолу кызмат көрсөтүүнү уюштуруу үчүн муниципалитеттер аралык кызматташуу механизми колдонулган, бир нече ЖӨБ органдары кызмат көрсөтүүнү биргелешип көрсөтөт.