Кудайберген Базарбаев жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү
Кудайберген Базарбаев Кабар маалымат агенттигинде пресс-конференция өтүп, анда Мамагенттиктин 2023-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
Кудайберген Базарбаев белгилегендей, агенттиктин быйылкы ишмердиги Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жарыялаган жаңы Мамлекеттик кадр саясаты тууралуу милдеттерди ишке ашырууга багытталган.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын жетекчи кызмат орундарына даярдалган кадрларды тартуу максатында Агенттик конкурстук тандоо аркылуу кадрлардын муниципалдык жана региондук резервдерин түзөт. Региондук жана муниципалдык резервдердин жетекчи кызматтарынын саны 612 позицияны камтыйт, анын ичинде акимдердин, акимдердин орун басарларынын, республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин жана алардын орун басарларынын, ошондой эле айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызматтары.
Бүгүнкү күндө бул резервдерде көрсөтүлгөн позицияларга 2 802 резервист турат, алардын ичинен региондук резервде — 925, муниципалдык резервде – 1 877. Ошол эле учурда, бул резервдерде турган адамдардын саны 1510 адамды түзөт, бир адам эки резервде жана бир нече позицияда турушу мүмкүн экендигин эске алуу менен.
2023-жылы агенттик тарабынан тесттик тапшырмалардын базасынын актуалдуулугун камсыз кылуу үчүн 1157 суроо иштелип чыккан. Учурда тестирлөө базасында 9149 (предметтик, негизги жана логикалык) суроолор бар.
Агенттик кадрлар резервине кадрларды тандоодо талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрөт. 2022-жылы тестирлөөдөн 10 379 адам өтсө, 2023-жылы 21 995 адам өткөн.
Кызматчыларды окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу Агенттиктин ишинин негизги багыттарынын бири болуп саналат. Мамлекеттик тапшырыктын алкагында 2023-жылы 3000ге жакын кызматкер окутулду.
Кудайберген Базарбаев кызматкерлерди окутуу системасын жакшыртуу үчүн өлкөнүн бардык кызматкерлерин камтуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын, ал эми бүгүнкү күндө ээлеген кызмат орундарынын топтору боюнча 27570 адам бар экенин белгиледи. Агенттик ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик Башкаруу Академиясын бакалавр программасын алып салуу менен кызматкерлерди окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга гана багыттоону сунуш кылат.