Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель фондунун өкүлдөрү менен биргеликте магистрдык программаларынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган жолугушууга катышты
Ошондой эле жолугушууга, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев, Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун директору доктор Макс Георг Майер жана Академия менен Фонддун биргелешкен магистрдик программаларынын бүтүрүүчүлөрү келишти .
Кудайберген Базарбаев өз сөзүндө Борбордук Азия жана Кыргыз Республикасы менен Ханнс Зайдель Фонду 22 жылдан бери ийгиликтүү кызматташып келе жатканын баса белгилеп ыраазычылыгын билдирди.