Кудайберген Базарбаев: «Мультпсихометрде» 245 жетекчи сыноодон өттү»

Бүгүн, 21-июнда Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө арналган иш-чарада административдик потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

«КР Президенти С.Н.Жапаровдун кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү боюнча саясатын ишке ашыруу алкагында агенттик персоналды тандоо жана жайгаштыруу системасына компетенттүүлүктү, инсандык жана психологиялык сапаттарды баалоо, лидерлик потенциалды жана IQ аныктоо сыяктуу жаңы ыкмаларды киргизүүдө.

Январьайынанбаштап жетекчилерди психодиагностикалык «Мультипсихометр» аппаратында тестирлөө жүргүзүлүп, ал жетекчилик кызматка зарыл болгон инсандык, психологиялык, интеллектуалдык жана башка сапаттарды, кесипкөйлүк деңгээлин аныктоого багытталган.Бүгүнкү күнгө карата психологиялык тестирлөөдөн 40Аким, 29 Аким жана 176 айыл өкмөт башчылары өттү», — деди ал.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле Агенттик тарабынан ишке ашырылып жаткан санариптештирүү чараларын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун санариптештирүү максатында «электрондук тейлөө» жана «Санарип аймак»маалыматтык тутумдары киргизилип, иштеп жатат. Азыркы учурда маалыматтар базасында 153 миңден ашык мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер жана башка категориядагы кызматкерлер жөнүндө маалыматтар камтылган.

Ошондойэле «Санарип аймак» тутумунда 5,7 жарандын, 1,3 миллион катталган кожолуктун маалыматтары катталган.Белгилүүболгондой, КР Президенти С.Н.Жапаровдун Жарлыгына ылайык тарыхый маанилүү административдик-аймактык реформа башталган.Натыйжада452 айылдыккалктуу конуш217ге чейин кыскарды», — деп баса белгиледи Кудайберген Базарбаев.

Кесиптик майрамга арналган иш-чарага Президенттик администрациянын жана министрлер кабинетинин өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланышты.