Кенже кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Киреше боюнча жетектɵɵчү адис)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. (Экономика жана башкаруу, гуманитардык илимдер)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажга талап коюлбайт.
3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Бейсалык төлөмдөр жөнүндө” мыйзамын билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
Улук кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Юрист-башкы адис)
1) кесиптик билимдин деңгээли:
— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим.(Юриспруденция багыты боюнча)
2) иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү:
— төмөнкүлөрдү билүү:
Жалпы мыйзам актылары: 1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын; 2.Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;
3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнүндɵ” Мыйзамын;
4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ” Мыйзамын;
5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жɵнүндɵ” Мыйзамын;
6.Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Администрациялык жол-жоболор жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
– өзүнүн арызы;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
– паспорттун көчүрмөсү.
Сынака катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2022-жылдын 21-октябрга чейин төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү 100.
Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.
Атк.:Төлөгөнов Э.К-0708709401