Кенже кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Жер маселелери боюнча жетектɵɵчү адис)

1)  кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тиешелүү багыттагы орто кесиптик билим. (Жерге жайгаштыруу жана кадастр, архитектура жана курулуш, айыл чарба багыттары)

2)  иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенциялары:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:                                                                                                              1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын;                                                                                                                                         2.Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар  жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Улук  кызмат ордуна кадрлар резервине кирүү үчүн төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: (Юрист-башкы адис)

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку кесиптик билим.(Юриспруденция багыты боюнча)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;                                 3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Жалпы мыйзам актылары:                                                                                                              1.Кыргыз Республикасынын Конститутциясын;                                                                                                                                         2.Кыргыз Республикасынын   “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын;

3.Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жɵнүндɵ” Мыйзамын;

4.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жɵнүндɵ” Мыйзамын;

5.Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жɵнүндɵ” Мыйзамын;

6.Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды:

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары  жѳнүндѳ”, “Административдик иштин негиздери административдик жол-жоболор жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарын билүүсү зарыл.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

 

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

–илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, 2023-жылдын  сентябрь айынын 5-чейин  төмөнкү дарек боюнча тапшыруу керек: Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү 100.

Сынак өткөрүү датасы боюнча кошумча айтылат.

Атк.:Төлөгөнов Э.К-0708709401