Башкы административдик кызмат ордуна:

-аппарат жетекчиси

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тиешелүү багыттагы жогорку билим

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү тармактык багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы;

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

1)»Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» мыйзамы;

2)«Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамы;

3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» мыйзамы;

4)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамы;

5)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мунииципалдык кызматчыларынын этикасынын” Кодекси.

 

Улук административдик кызмат ордуна:

— экономика, социалдык өнүктүрүү жана туризм боюнча сектор башчысы;

— жалпы сектор башчысы;

-укук тартип маселелери боюнча башкы адис;

-социалдык маселелери боюнча башкы адис;

-уюштуруу маселелери боюнча башкы адис;

-юрист башкы адис

 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

Экономика, социалдык өнүктүрүү жана туризм боюнча сектор башчысы:

1)“Кыргыз Республикасынын Салык кодекси”;

2)“Кыргыз Республикасынын Туризм жөнүндө” мыйзамы;

3)“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы;

 Жалпы сектор башчысы:

1)Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

2)“Жергиликтүү  мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын” Кодекси.

социалдык маселелер боюнча башкы адиси:

1) “Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө” Кодекси;

2)“Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамы;

3)”Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” мыйзамы.

 

укук тартип маселелери боюнча башкы адис:

1)” Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамы;

2)«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» мыйзамы;

3) «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жөнүндө ” мыйзамы.

 

уюштуруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жылуулук маселеси боюнча башкы адиси:

1)“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2) “Энергетика жөнүндө”  мыйзамы;

3)“Тынч чогулуштар жөнүндө” мыйзамы.

 

Юрист башкы адис:

1) “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2) Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;

3) Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси.

 

Кенже административдик кызмат ордуна:

-экономика жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис;

-туризм жана экология маселелери боюнча жетектөөчү адис;

-инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча жетектөөчү адис

-спорт, маданият жана өкмөттүк эмес уюмдар боюнча адис;

-жалпы секторунун адиси.

 

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш-стажына талап коюлбайт.

 

Ошондой эле мыйзамдарды билүүсү:

экономика жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү  адис:

1)“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамы;

2)“Жайыттар жөнүндө” мыйзамы;

3)«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамы.

 

туризм жана экология маселелери боюнча жетектөөчү адиси: 

1)“Туризм жөнүндө”  мыйзамы;

2)“Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө”  мыйзамы;

3) “Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент” мыйзамы.

 

инвестиция тартуу жана курулуш маселелери боюнча жетектөөчү адис:

1)”Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө” мыйзамы;

2)  “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы;

3) “Суу жөнүндөгү”  мыйзамы.

 

спорт, маданият жана өкмөттүк эмес уюмдар  маселеси боюнча адиси:

1)“Маданият жөнүндө”  мыйзамы;

2)“Китепкана иши жөнүндө” КР мыйзамы;

3)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы.

 

жалпы секторунун адиси:

1)“Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы;

2)”Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы;

3) )«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билүүсү зарыл.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

— кадрлардын каттоо баракчасы;

— 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

— Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

— жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

— эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же мурунку иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

— соттолбогондугу жөнүндө аныктама;

-өмүр баяны;

-резюме.

Документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) календарлык  күндүн ичинде Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын №3 кабинетинде (жалпы секторунда) Чолпон-Ата шаары Совет көч №1 дарегинде кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыңыздар: (03943) 4-33-16,4-28-28.