Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү административдик кызмат орундарынын төмөнкү топко кадрлар резервине киргизүү үчүн сынак жарыялайт: Административдик кызмат орундарынын кенже тобу. Жетектөөчү адис – юрист (1 штаттык бирдик): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим – Юриспруденция, Укук тануу адистиктери боюнча. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама” Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси; Кыргыз Республикасынын Жер кодекси; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүмамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы; Адис – бухгалтер (1 штаттык бирдик): 1) Кесиптик билимдин деңгээли: – жогорку билим же орто кесиптик билим – Финансылык экономикалык багыттары боюнча 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: – иш стажына талап коюлбайт; 3) Кесиптик компетенттүүлүгү: – Төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы; Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекетти тил жөнүндө” Мыйзамы. Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди; – Билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө; – Көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн талапкерлер төмөндөгү документтерди конкурстук комиссияга тапшырышы зарыл: Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына талапкердин жеке арызы (муниципалдык кызмат ордунун тобун көрсөтүү менен); Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен) Кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы; Паспортунун жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү; Аскердик билетинин көчүрмөсү; Өмүр баян (өз колу менен жазылган, соттолгондугу жана соттолбогондугу тууралуу маалыматты көрсөтүү менен); Эмгек китепчесинин (иш стажы бар болсо) жана билими тууралуу документеринин нотариус аркылуу же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; Сынакка катышуу үчүн жогорудагы документтерди 2022-жылдын 28-августу саат 17:30 га Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Араван райондук ветеринардык башкармалыгы улук жана кенже административдик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык сынак жарыялайт Билим берүү жана илим министрлиги