Кыргызской Республики Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 29-апрелинен тартып 21-май күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97. Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт. Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест): 1). Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2). «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3). «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4). «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5). «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама. 1. Кесиптик билим деңгээли: – журналист кесиби жана филология жогорку кесиптик билим. 2. Стаж жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө». 3.2. Билүүсү: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо; – тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; – кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар; – командада иштөө; – тарамдык технологияларды билүү, тарамдык жабдууларды күүлөө көндүмдөрүнө ээ болуу; – серверлерди жана OC Windows базасында жумушчу станцияларды администрирлөө; – ЛЭТ (локалдуу эсептегич тарамынын) иштөөсүн базалык түшүнүү; – РС аппараттык архитектурасынын жана чет жакалык жабдууларды конфигурирлөөнү билүү жана билүүсү; – антивирустук программаларды пайдалануу; – маалыматтык тутумдарды жана дайындарды шифрлөөнүн жардамы менен коргоо; – логин жана пароль коюу; – бет ачарларды уюштуруу; – эсептеп чыгарууга байланыштуу сандык дайындар менен иштөө; – дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү; – тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө; – файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө менен (кайра атоо, көчүрмөлөө, жылыштыруу, алып салуу жана калыбына келтирүү); – тышкы чет жака түзүлмөлөрүн кошуу; – диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү); – электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү; – издөө тутумдарын пайдалануу. – ар кыл браузерлер менен иштөө; – кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү; – дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү; – КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу; – веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелерин пайдалануу; – көрмө- материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу; – тексттерди оңдоо жана редакциялоо; – кеңсе техникасы (көчүрмөлөө аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс) менен иштөө). 3.3. Көндүмдөрү: – OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы; – сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы; – таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү; – тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү; – ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү; – аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаменти