Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин жыйындар залында «Кыргызстандын 100 аял-лидери» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин №62 Жарлыгына ылайык ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында аялдардын лидерлигин колдоо боюнча 2030-жылга чейинки мамлекеттик программанын алкагында өттү.
Иш-чарага Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси — мырза Сирокко Мессерли,Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын директору — Курманалиева Асель Абылкановна,Өнүктүрүү саясат институтунун башкармалыгынын төрайымы — Добрецова Надежда Николаевна жана программаны ийгиликтүү аяктаган аймактык жана борбордук деңгээлдеги жалпысынан 120 лидер айым катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары — Индира Жанусаковна агентттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин куттуктоо сөзүн айтып
“Үч айлык окутуунун алкагында Сиздер заманбап мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу, лидерлик көндүмдөр, башкаруучулук стратегиялар, мыйзамдар, гендердик теңдик, коом менен коммуникация, санариптик чөйрөдө иш алып баруу сыяктуу бир катар темаларда терең билим алып, практикалык көндүмдөрдү калыптандырдыңыздар. Лидер айымдарды даярдоого салым кошкон өнөктөш уюмдарга, тренерлерге, эксперттерге жана уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз. Бул программанын жыйынтыгы сөзсүз түрдө өз убагында жемишин берет деп ишенебиз”, — деп белгиледи.
Программаны ийгиликтүү аяктаган катышуучу айымдарга атайын күбөлүктөр тапшырылды. Салтанат концерттик программа, ошондой эле аймактардан келген лидер айымдардын ыраазычылык сөздөрү менен коштолду.
Мындай программалардын натыйжалуулугу буга чейин эле көрүнүп баштады. Мисалга алсак, ушул окутуудан өткөн айымдардын бири учурда Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары болуп дайындалды. Ошондой эле башка лидер айымдар да өз жеринде, коомунда, жана кызмат ордуларында таасирдүү иштерди жүргүзүп жатышат.
«Кыргызстандын 100 аял-лидери» — бул өлкө келечегин жаңы нукка багыттап жаткан күчтүү, билимдүү жана демилгелүү айымдардын жаркын келечекке болгон ишеним!