







Бүгүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик стипендиялык программасынын, “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” (JDS) долбоорунун экинчи жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Жыйынга Башкаруу комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлеккеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Молдажиев Казыбек Илиаскарович, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары — стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору Капалбаев Октябрь Эркинович жана Япониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Года Хидэки, Кыргыз Республикасындагы JICA өкүлчүлүгүнүн туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер жана Финансы министрликтеринин өкүлдөрү катышты.
Отурумда Агенттиктин Директору К.Б. Базарбаев өз сөзүндө, 2007-жылдан бери ишке ашып келе жаткан долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи. Башкаруу комиссиясы 2024-жылкы магистратура жана докторантура программаларына өтүү үчүн финалистерди жана резервдик талапкерлерди бекитти.
Магистратура программасына өтүүчүлөр:
Тизме
1. Камалов Эркин – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
2. Кылычбекова Алима – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы
3. Джееналиева Асель – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
4. Курманбекова Кундуз – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги
5. Олжобай кызы Бегимай – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
6. Жамалдинова Гулзамира – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети
7. Самидин уулу Сабырбек – Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты
8. Лосникова Назгул – Бишкек шаарынын мэриясы
9. Мамбеталиева Айсулуу – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
10. Ишенбеков Нурсултан – Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы
11. Зайнидинов Мухаммед – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
12. Усубалиева Нурзат – Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
13. Ташмаматова Женишгул – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
14. Алымбаева Сабина – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги
15. Бектурова Эркинай – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы
16. Токторбай кызы Жамила – Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтү
17. Калыбеков Адилет – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги
18. Тилекова Перизат – Бишкек шаарынын мэриясы
19. Кармышаков Эшмамбет – Ош шаарынын мэриясы
Докторантура программасына өтүүчү:
1. Супаналиев Бекжан – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
Долбоордун максаты: JDS долбоору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларына Япониянын университеттеринде магистрдик жана докторантуралык даражаларды алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Долбоор Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өлкөдөгү кадрларды даярдоо саясатын колдоого багытталган.
2006-жылдан 2024-жылга чейин долбоордун алкагында 307 стипендиат билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. 2025-2027-жылдар аралыгында 19 кызматкер магистратурага жана 1 кызматкер докторантурага өтөт.
Маалымат үчүн: “Адам ресурстарын өнүктүрүү үчүн стипендиялык программа” долбоору 2005-жылдын 6-августундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтү ортосундагы техникалык кызматташтык тууралуу макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда. JDS долбоору Япониянын Өнүктүрүү боюнча расмий жардам программасынын алкагында жүргүзүлөт.