Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн БАШКЫ (башчы) жана УЛУК (башкы адис) административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин ачык конкурс жарыялайт.
Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү:
-административдик мамлекеттик кызмат орундарынын башкы тобу;
-административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдүрүнүн административдик кызмат орундарынын башкы (башчы) тобу (Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы) үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1.кесиптик билим деңгээли:
— педагогикалык жогорку билими.
2.иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;
— директор жана/же директордун окуу же тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштөө тажрыйбасы, жалпы билим берүү уюмунда жана/же билим берүүнү башкаруу органдарында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, башкаруучулук иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес (эгер болсо, шартуу эмес).
3.жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодекси;
4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.«Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8.«Маалымат алуу укугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
11.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
предметтик мыйзамдар:
12.«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
13.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
14.«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
15.«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
16.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-майындагы № 257 «Кыргыз Республикасынын Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтому;
17.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти жөнүндө» токтому;
18.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жөнүндө» токтому.
4.билгичтиги:
-2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес;
-иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
-түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
-башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
-кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
-алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
-өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
-чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
5.көндүмдөрү:
— аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
— маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
— компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин административдик кызмат орундарынын райондук/шаардык билим берүү бөлүмдүрүнүн улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
1)кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку педагогикалык, гуманитардык билими.
2)иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
3.жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому;
7.«Электрондук башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
предметтик мыйзамдар:
8.«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
10.«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
11.«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
12.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы.
4) билгичтиги:
— 2025-жылдан баштап мамлекеттик тилди билүү – (В1) орточо деңгээлинен төмөн эмес, ал эми 2027-жылдан – (В2) ортодон жогору деңгээлинен кем эмес;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— аналитикалык документтерди даярдоо;
— тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
— эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
5) көндүмдөрү:
— ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
— компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
— жеке арызы;
— өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат);
— кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү;
— соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты.
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.
Кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 20-августунан тартып 2025-жылдын 2-сентябрына чейин (1-сентябрь саат 18.00 чейин).
Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, кабинет № 219 же https://reserve.srs.kg/selection шилтемеси аркылуу документ тапшырууга болот. (КР Агартуу министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида).