Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) мамлекеттик кызматтын башкы, улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Башкы жана улук административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулуучу ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) «Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9) «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2. «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
3. «Мамлекеттик мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5. «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык өкүлчүлүгүндө иштөө багытында (Нарын, Талас, Жалал-Абад) административдик кызмат орундарынын башкы тобуна квалификациялык талаптар:
Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция.
Иш стажы жана иш стажы:
— мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенциялар:
Билим:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө”; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыш жасады деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө».
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
— Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү.
Көндүмдөр:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– жылдык жана атайын отчеттор үчүн материалдарды даярдоо;
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
— Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү,
Көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык жана атайын баяндамаларына материалдарды даярдоо;
— жарандардын арыздарын кароо;
— тиешелүү көңүл буруу актыларын даярдоо;
– түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматтык талдоо, системамалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын колдоно билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн, элдин алдында сүйлөө, ишкердик кат алышуунун ыкмаларын колдоно билүү;
-жетекчиликтин тапшырмаларын аткаруу.
Саламаттыкты сактоого жана психиатриялык стационарлардагы пациенттерге укуктарды коргоо багытындагы административдик кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар психиатриялык мекемелерде:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: юриспруденция; психология, социалдык жумуш багыты боюнча социалдык илимдер, мидициналык билим.
2. Стажы жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө»; «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө».
3.2. Билүүсү:
– маалыматты жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– аналитикалык документтерди даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана
аны практикалык иште колдонуу;
– бет ачарларды өткөрүү көндүмдөрү;
– кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
– иштиктүү сүйлөшүүлөрдү алып баруу;
– эмгектин жаңы шарттарына көнүү.
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
– жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз
ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү;
– башкаруучулук чечимдерин ыкчам ишке ашыруу;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
IT багыты боюнча административдик кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө».
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– тарамдык технологияларды билүү, тарамдык жабдууларды күүлөө көндүмдөрүнө ээ
болуу;
– серверлерди жана OC Windows базасында жумушчу станцияларды администрирлөө;
– ЛЭТ (локалдуу эсептегич тарамынын) иштөөсүн базалык түшүнүү;
– РС аппараттык архитектурасынын жана чет жакалык жабдууларды конфигурирлөөнү билүү жана билүүсү;
– антивирустук программаларды пайдалануу;
– маалыматтык тутумдарды жана дайындарды шифрлөөнүн жардамы менен коргоо;
– логин жана пароль коюу;
– бет ачарларды уюштуруу;
– эсептеп чыгарууга байланыштуу сандык дайындар менен иштөө;
– дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө менен (кайра атоо, көчүрмөлөө, жылыштыруу, алып салуу жана калыбына келтирүү);
– тышкы чет жака түзүлмөлөрүн кошуу;
– диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тутумдарын пайдалануу.
– ар кыл браузерлер менен иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
– веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелерин пайдалануу;
– көрмө- материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
– тексттерди оңдоо жана редакциялоо;
– кеңсе техникасы (көчүрмөлөө аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү
доска, факс) менен иштөө).
3.3. Көндүмдөрү:
— OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү;
– тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү;
– ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү;
– аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) аймактык өкүлчүлүгүндө иштөө багытында (Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен) административдик кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билим деңгээли:
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, тарых.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»;
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
3.3. Көндүмдөрү:
– ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
– ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо;
– жарандардын кайрылууларын кароо;
– жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— өзүнүн арызы;
— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча, сүрөтү менен (4х6);
— өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
— резюме сүрөтү менен форма боюнча;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).
— акыркы иштеген жериңизден сунуш кат.
Документтерин толук тапшырбаган, ошондой эле талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынакка катыша албайт.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2024-жылдын 19-июнунан тартып 1-июль күнү саат 17-00 чейин жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанова көч. 120, кабинет №207, тел.: 66-32-97