Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 7-апрелинен тартып 18-апрель күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97. Конкурстун толук шарттары-тиркелген файлда. Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт. Квалификаялык талаптар (Талас облусу боюнча өкүлчүлүк) 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: юриспруденция; мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. 2. Стаж жана иш тажырыйбасы: – иш стажына карата талаптарды коюусуз. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама. Предметтик мыйзам ченемдер: 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; 5) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; 6) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 7) «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; 8) «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө»; 3.2. Билүүсү: – жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо; – тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; – кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; – жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар; – командада иштөө; – кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү; – КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу; 3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – ар жылдык жана атайын баяндамаларга карата материалдарды даярдоо; – жарандардын кайрылууларын кароо; – жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу. Жазуулар боюнча багыттоо Мурунку Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматы