Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Конкурстка катышуу үчүн 2025-жылдын 21-апрелинен тартып 14-май күнү кошуп (9:00-17:00) документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120 дареги, каб. № 204 кадр бөлүмү, тел.: (0312) 66-32-97. Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт. Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест): 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама. 1. Кесиптик билим деңгээли: – маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим. 2. Стаж жана иш тажырыйбасы: – иш стажына карата талаптарды коюусуз. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө». 3.3. Көндүмдөрү: – OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы; – сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы; – таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү; – тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү; – ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү; – аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек: – жеке арыз; – резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен); – нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү; – нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); – илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); – паспорттун көчүрмөсү. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги