Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына карата квалификаялык талаптар
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1). Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2). «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3). Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
4). «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5). «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6). «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7). «Кызыкчылыктарды карама-каршылыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
8). «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга карата жеткиликтүүлүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
9). «Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
10). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама.
Кесиптик билим деңгээли:
— багыт боюнча жогорку кесиптик билими: юриспруденция.
Кызматы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Кесиптик компетенция:
Билим:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө”; «Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө»; «Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө»; “Кылмыш жасаган деген шек менен жана айыптоо менен кармалган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”.
Билгичтиги:
— иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
– башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
– кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
– алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
– өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
– чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу.
-социалдык тармактарды колдонууда кызматтык этиканын нормаларын так сактоо,
— Кыргыз Республикаснын мыйзамдарынын укуктук базасы маалыматтык сиситемасын колдоно билүү,
-онлайн байланыш конференцияларды уюштуруу, катышуу,
Копьютердик техникалар жана программалык продуктылар колдоно билүү (көчүрүү аппараты, проектор, интеративдик доска, принтер ж.б.)
Көндүмдөр:
– аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
— Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) жылдык жана атайын баяндамаларына материалдарды даярдоо;
— жарандардын арыздарын кароо;
— тиешелүү көңүл буруу актыларын даярдоо;
– түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
– маалыматтык талдоо, системамалаштыруу жана жалпылоо;
– ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
– натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
-жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу.
Кенже административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн (негизги тест):
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү Нускама.
1. Кесиптик билим деңгээли:
– маалыматтык технологиялар жаатында жогорку кесиптик билим.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– иш стажына карата талаптарды коюусуз.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө»; «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө»; «Электрондук башкаруу жөнүндө»;«Электрондук колтамга жөнүндө».
3.2. Билүүсү:
– жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
– документтерди, маалыматтарды, жоопторду жана суроо-талаптарды сапаттуу даярдоо;
– тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу;
– кызмат орундук милдеттерге ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
– жарандардын кайрылууларын кароо жана алар боюнча жоопторду даярдоо;
– мамлекеттик жана\же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуулар;
– командада иштөө;
– тарамдык технологияларды билүү, тарамдык жабдууларды күүлөө көндүмдөрүнө ээ болуу;
– серверлерди жана OC Windows базасында жумушчу станцияларды администрирлөө;
– ЛЭТ (локалдуу эсептегич тарамынын) иштөөсүн базалык түшүнүү;
– РС аппараттык архитектурасынын жана чет жакалык жабдууларды конфигурирлөөнү билүү жана билүүсү;
– антивирустук программаларды пайдалануу;
– маалыматтык тутумдарды жана дайындарды шифрлөөнүн жардамы менен коргоо;
– логин жана пароль коюу;
– бет ачарларды уюштуруу;
– эсептеп чыгарууга байланыштуу сандык дайындар менен иштөө;
– дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
– тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
– файлдарды жана папкаларды түзүү жана иштөө менен (кайра атоо, көчүрмөлөө, жылыштыруу, алып салуу жана калыбына келтирүү);
– тышкы чет жака түзүлмөлөрүн кошуу;
– диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү);
– электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;
– издөө тутумдарын пайдалануу.
– ар кыл браузерлер менен иштөө;
– кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенишүү;
– дайындарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө берүү;
– КР мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу;
– веб-конференц-байланыш уюштуруу тиркемелерин пайдалануу;
– көрмө- материалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемелерди пайдалануу;
– тексттерди оңдоо жана редакциялоо;
– кеңсе техникасы (көчүрмөлөө аппараттары, принтер, сканер, проектор же интерактивдүү доска, факс) менен иштөө).
3.3. Көндүмдөрү:
— OC Windows (ар түрдүү версияларын) орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– сервердик программалык камсыз кылуу орнотуу жана кармоо тажырыйбасы;
– таралган программалык камсыз кылууну (MS Office, 1С жана башка программаларды) билүү;
– тарамдык протоколдордун иштөө принциптерин, компьютердик тарамдарды куруу принциптерин билүү;
– ПК аппараттык бөлүгүн жана бузулууларды аныктоо жана четтетүү мүмкүнчүлүгүн билүү;
– аралыктык пайдалануучулар менен иштөө тажырыйбасы.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
— жеке арыз;
– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
— паспорттун көчүрмөсү.
Сынакка катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 10-апрель күнүн кошуп жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек ш., Тыныстанова көч. 120, кабинет №204, кадр бөлүмү тел.: 66-32-97.
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Борбордук мамлекеттик органдарга сынактар (Бишкек шаары боюнча)
Вакансии по центральным государственным органам (по г.Бишкек)