Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт. Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3)“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6)“Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама; Улук сот аткаруучу 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыт боюнча жогорку кесиптик билим: Юриспруденция. 2. Стажы жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. – сот аткаруучу катары үч жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жазык-процесстик кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Сот аткаруучуларынын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; – “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобо. 3.2. Билүүсү: – ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо жүргүзүү, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүдө ыкмаларды интеграциялоо; – башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү жагдайларды өз убагында аныктап, чечүү; – коюлган милдеттерди чечүүдө жаңычыл ыкмаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – мекемелер аралык өз ара аракеттенүү; – жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; – аналитикалык жана башка документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; – ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; – мамлекеттик жана/же расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүү; – команда менен иштөө; – жаңы иш шарттарына ыңгайлашуу. 3.3. Көндүмдөрү: – аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу; – структуралык бөлүмдү башкаруу (тапшырмаларды жана милдеттерди кызматкерлер арасында рационалдуу бөлүштүрүү,ф мамлекеттик орган жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз карашын кызматкерлерге так жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди өз учурунда даярдоо, кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштин жаңы формаларын жана ыкмаларын издөө); – маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жыйынтыктоо; – нормативдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, ишкер этикет ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде коом алдында сүйлөө жана иш кагаздарын жүргүзүү. Сот аткаруучу 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыт боюнча жогорку кесиптик билим: Юриспруденция. 2. Стажы жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жарандык укук бузуу жөнүндө” кодекси; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; – “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобо. 3.2. Билүүсү: – Жогорку жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; – Маалыматты чогултуу, талдоо, системалаштыруу жана кыскача баяндоо; – Аналитикалык жана башка документтерди, маалыматтарды жана суроолорго жоопторду сапаттуу даярдоо; – Өлкө ичиндеги жана эл аралык тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу; – Өз ишин жана кесиптештери менен кызматташууну натыйжалуу пландоо; – Ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; – Жарандардын кайрылууларына жооп даярдоо жана кароо; – Мамлекеттик жана/же расмий тилдерде деловой кат алышуу; – Командада иштөө; – Жаңы жумуш шарттарына ылайыкташуу. 3.3. Көндүмдөрү: – Нормативдик укуктук актылар менен иштөө жана аны практикада колдонуу; – Ишти пландаштыруу жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү; – Мамлекеттик жана расмий тилдерде долбоордук документтерди даярдоо; – Башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу; компьютердик жана офис техникасын, зарыл программалык продукттарды колдонуу. Персонал башкаруу бөлүмү 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: Юриспруденция, Экономика жана башкаруу, Менеджмент жана башкаруу, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Гуманитардык илимдер. 2. Стаж жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; -“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди ыйгаруу маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-декабрындагы №308 Жарлыгы; – “Эмгек китепчесинин формасын, эмгек китепчесине тиркеменин формасын жана эмгек китепчесин жүргүзүүнүн Тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 24-июлундагы №462 токтому; – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобонун 20-пункту. 3.2. Билүүсү: – маалыматты жыйноо, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо; – тиешелүү жаатта ата мекендик жана чет өлкөлүк тажырыйбаны талдоо жүргүзүү жана аны практикалык иште колдонуу; – кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; – иштиктүү сүйлөшүүлөрдү алып баруу; – кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенүү; 3.3. Көндүмдөрү: – ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; – жылдык жана атайын баяндамаларына карата материалдарды даярдоо; – ишти пландоо жана кызмат убактысын туура бөлүштүрүү; – башкаруучулук чечимдерин ыкчам ишке ашыруу. Эл аралык кызматташтык жана активдерди кайтаруу бөлүмү 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим: Юриспруденция. 2. Стажы жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; – Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актылары жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү туралуу” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”; – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобонун 20-пункту. 3.2. Билүүсү: – Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерди аткарууга зарыл болгон денгээлде билүү (Кыргыз тили жана орус тили милдеттүү, англис тили артыкчылыктуу). 3.3. Көндүмдөрү: – Компьютердик сабаттуулук жана зарыл болгон программалык продуктуларды билүү (Word, Excel, Power Point, «ТОКТОМ Мамлекеттик Про» маалыматтык-укуктук системасы). Бухгалтердик эсеп жана отчеттук сектору 1. Кесиптик билим деңгээли: – төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: Экономика. 2. Стаж жана иш тажырыйбасы: – мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесипкөй иш-билгилиги: 3.1. Билүү: – Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; “Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө”; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык очтеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобо; – Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобонун 20-пункту. – бухгалтердик программа 1C. 3.2. Билүүсү: – иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу; – талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг, көзөмөл жүргүзүү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө карата ыктарды интегрирлөө; – башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартуу; – кызыкчылыктардын карама-каршылыгына алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү; – коюлган милдеттерди чечүү үчүн новатордук ыктарды пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп табуу; – өз ишин жана түзүмдүк бөлүмдүн ишин натыйжалуу пландаштыруу; – ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; – чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу; – компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо; – кызматтык этика ченемдерин эске алуу менен, социалдык тарамдарда сылык-сыпайы өз ара аракеттенүү; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумунун пайдалануу; 3.3. Көндүмдөрү: – бөлүмдүн жүргүзгөн иштери жөнүндө мезгилдүү отчетторду түзүү, алардын бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан өз убагында түзүлүүсүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу; – баш ийүү тартибинде, алардын кызмат орундук ыйгарым укуктарынын чектеринде берилген жогору турган жетекчилердин тескемелерин жана көрсөтмөлөрүн өз убагында жана сапаттуу аткаруу; – бөлүмдүн ишин пландоо, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын иш планына кошуу үчүн жетекчиликке сунуштарды киргизүү; – бөлүмдүн ишин өркүндөтүү тууралуу жетекчиликке сунуштарды жана сунуштамаларды киргизүү; – бөлүмдөн чыккан документтерге жана тиешелүү буйруктардын долбоорлоруна кол коюу; – чарбалык-финансылык иштин бухгалтердик эсебин жана материалдык, эмгектик жана финансылык ресурстардын үнөмдүү пайдаланышын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын менчигинин сакталышын көзөмөлдөөнү уюштуруу; – бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын түзүмүнө жана ишинин өзгөчөлүгүнө, анын финансылык туруктуулугун камсыз кылуунун зарылдыгына жараша эсепке алуу саясатын түзүү; – ички бухгалтердик отчеттуулук документтеринин формаларын иштеп чыгуу; – бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту сарамжалдуу уюштурууну камсыз кылуу; – мүлктү, милдеттенмелерди жана чарбалык операцияларды, келип түшкөн негизги каражаттарды, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын эсепке алууну, алардын кыймылына байланыштуу операциялардын, өндүрүш жана жүгүртүм коромжуларынын эсепке алынышын, чыгымдары сметаларынын аткарылышын, продукциялардын, жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) сатылып өткөрүлүшүн, чарбалык-финансылык иштин натыйжаларынын, ошондой эле финансылык, эсептик жана кредиттик операциялардын бухгалтердик эсеп эсептеринде өз убагында чагылдырылышын уюштуруу; – документтердин, эмгек акы боюнча эсептердин мыйзамдуулугун, өз убагындалыгын жана жол-жоболонушунун тууралыгын, салыктардын жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн туура чегерилишин жана которулушун камсыз кылуу; – эмгек акы фондунун чыгымдалышын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын кызматкерлеринин кызмат маяналарынын белгиленишин, негизги каражаттардын, товардык-материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын инвентаризациясын өткөрүүнү, бухгалтердик эсептин жана отчеттуулуктун уюштурулушун, ошондой эле ишкананын бөлүмдөрүндө документалдык текшерүүлөрдү өткөрүү менен, алгачкы жана бухгалтердик документтердин, эсептердин жана төлөм милдеттенмелеринин сакталышын; – ички чарбалык резервдерди табуу, жоготууларды жана чыгымдарды четтетүүмаксатында, бухгалтердик эсептин жана отчеттун маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын ишинин финансылык-чарбалык иштеринин экономикалык талдоосун жүргүзүүгө катышуу; – жетпей калууларды, акча каражаттарын жана товардык-материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз чыгымдоону болтурбоо боюнча чараларды көрүү; жетпей калуулар, акча каражаттарын жана товардык-материалдык баалуулуктарды уурдоолор боюнча материалдарды жол-жоболоштурууга катышуу; – штаттык, финансылык жана кассалык тартипти, административдик-чарбалык жана башка чыгымдардын сметаларын, бухгалтердик эсептен жетпей калууларды, дебитордук карыздарды жана башка жоготууларды чыгарып салуунун мыйзамдуулугун, бухгалтердик документтердин сакталышын бекем сактоону камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү; – киреше жана чыгашалар жөнүндө, бюджеттин каражаттарынын пайдаланылышы тууралуу теңдемди жана ыкчам жыйынды отчетторду, башка бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту түзүүнү, аларды белгиленген тартипте тиешелүү органдарга берүүнү камсыз кылуу; – бөлүмгө жүктөлгөн башка милдеттерди каткаруу. – бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча (Форма 2 жана форма 4) чыгымдар сметасынын аткарылышы тууралуу отчетту түзүү жана отчеттордун ар айдын 5ине чейин Казначейликке берүү; – жарым жылдык, кварталдык жана жылдык теңдемди түзүү; – тиркемелерди түзүү: Негизги фонддор, запастар, валюта жана депозит, башка дебитордук жана кредитордук карыздар, башка милдеттенмелер, таза активдер жана башка маалыматтар, эсептер; – жетекчиликтин башка тапшырмаларын аткаруу. Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat ” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет, өтүнмөгө электрондук форматындагы (сканерленген документтер) документтер тиркелет же көктөмөгө тигилген кагаз түрүндөгү документтер тиркелет: 1) конкурстук комиссиянын төрагасынын атына өзүнүн арызы; 2) кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөтү (3х4, 4х6); 3) зарыл кесиптик билимин ырастоочу документтер, иш стажы жана квалификациясы (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимин, квалификациясын жогорулатуу тууралуу, илимий даражасын жана илимий наамын ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү); 4) паспортунун көчүрмөсү; 5) аскердик билеттин көчүрмөсү; 6) тиркөө папкасы (документтер үчүн); 7) жакын туугандарынын соттолбогондугу тууралуу маалымкат (сот аткаруучуларга). Конкурстун өтө турган жери жана убактысы, ошондой эле кабыл алынган талапкерлердин саны кошумча кабарланат. Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт. Документтер Сот аткаруучулар кызматынын имаратында Бишкек шаары, М.Джунусалиев көчөсү, 171 дареги, каб. № 18 кадр бөлүмү беш жумуш күнүн эске алуу менен 2025-жылдын 20-ноябрынан тартып 2025-жылдын 3-декабрына чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин (түшкү тамактануу- тыныгуу – саат 12.30дан 13.30га чейин) кабыл алынат. – Бишкек шаары: 0312 25-09-54 – Ош областы: Ош ш., Муминов к., 3, тел.:(3222) 5-61-08 – Жалал-Абад областы: Жалал-Абад ш., Шопоков к., 40, тел.: (3722) 7-18-81 – Баткен областы: Баткен ш., Т.Садыков к., 54/2, тел.:(3622) 5-03-60 – Ысык-Көл областы: Каракол ш., К.Тыныстанов к., 15, тел.:(3922)5-05-81; – Нарын областы: Нарын ш., Т.Мамбеталиева к., 18, тел.:(3522) 5-04-44; – Талас областы: Талас ш., Ч.Айтматов к., 257, тел.: (3422) 5-32-96. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги